AVN







АРАЛЫКТАН ОКУТУУ СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИЗДЕНҮҮСҮН ЖАРАТТЫ

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИЗДЕНҮҮСҮН ЖАРАТТЫ
 May 26, 2020  626

Жалал-Абад колледжинин «Педагогикалык жана социалдык иштер» бөлүмүнүн БКМб-3-18  тайпасынын ата-энелери менен жыйыны 2020-жылдын 22-майында Jitsi Meet тиркемеси аркылуу тайпанын куратору Д.Т.Тажибаева тарабынанөткөрүлдү.

 

Жыйында дистанттык билим берүү шарттарында окуу процессинин уюштурулушу, жүрүшү боюнча маалымат берилди. Ошондой эле ата – энелер тарабынан студенттердин билим алуусу үчүн түзгөн шарттары, модулдун, экзамендердин жүрүшү боюнча  маселелер айтылды.Ата-энелер менен студенттерден онлайн сурамжылоо жүргүзүлүп, анын негизинде төмөндөгүдөй жыйынтыктарды алдык.


Келечекте  окуу жайлардын аралыктан окутуусуна каршымын;

Аралыктан окутууда баламдын өз алдынча изденүүсүн жаратты;

Аралыктан окутуунун жакшы жактары өзүмдү ар тараптан өнүктүрө алдым жана кырдаалга байланыштуу жаңы технологиялар менен иштегенди үйрөндү-деген жоопторду алдык.

         Ата-энелер учурдагы кырдаалды эске алып, аралыктан окутууда балдарына дайыма колдоо көрсөтүү менен бирге, окууларына шарт түзүп бере тургандыгын айтышты. Өлкөбүздөгү абалды түшүнүү менен кабыл алып, талыкпай эмгектенип, студенттерди окутуп, билим берип жаткан окутуучуларга өз ыраазычылыктарын билдиришти.