AVN







ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА

ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
 Dec 4, 2017  1038

ЖАМУнун кызматкерлеринен турган делегация  18-ноябрдан 28-ноябрь күндөрү тажрыйба алмашуу максатында Кытай Эл Республикасына кызматтык сапарга барып келишти.

ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова – Иш сапардын максаты ал жактагы жогорку окуу жайлардын кызматкерлери менен жоолугушуп, тажырыйба алмашуу максатында болду. Алгач эле СУАРдын билим берүү мекемесинин башчылары менен жолугуп маек курдук. Андан сырткары Кытайдын билим берүүсү, Синьцзяндын жана Шаньси провинциясынын тарых маданиятын тааныштыруу лекциясы болду. Андан кийин Синьцзян университетинин алдындагы Эл аралык мамилелер институтунда экскурсия болуп, кытай тили жана маданияты сабагына катыштык. Ошондой эле  Сиань шаарындагы Шаньси университетине да экскурсия болуп, музейи жана корпустары менен тааныштык. Синьцзиян агрардык-техникалык кесиптик институтунда кызматкерлери менен жоолугуштук – деп билдирди А. Доранова.

Эң башкысы ал жактын иш жүргүзүү ыкмасын, өнүгүүлөрүнө күбө болуп, чоң стимул менен кайттык. Келечекте ЖАМУда колдонуп, университеттин өнүгүүсү үчүн ал жактан алган тажырыйбаларды, кеп-кеңештерди колдонуп, алгылыктуу иштерди аткарабыз деген оюн кошумчалады.

Кытай Эл Республикасына социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгүл Доранова, ПМТФнын деканы Сапарбек Ажикулов, Кара-Көл коллоджинин директору Шайырбек Чолпонкулов, окуу бөлүмүнүн башчысы Зульфия Сакбаева жана башкалар барган.

  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА
  • ЖАМУНУН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КЫТАЙДА