AVN







Тарых кафедрасында ачык сабактар онлайн иретинде улантылды

Тарых кафедрасында ачык сабактар онлайн иретинде улантылды
 May 26, 2020  636

Учурда түзүлгөн кырдаалдан улам сабак өтүүнүн жана кайтарым байланыштардын  түрлөрү уламдан-улам жаңыланып барууда.  Аны менен катар ачык сабактарды уюштуруу жана өткөрүү да жаңы нукка түшүүдө десек болот. Бул багытта Тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамында алгылыктуу иштер колго алынып,  ачык сабактар уюштурулууда.

Алсак, Тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.А.Авазов тарабынан Т-1-17 тайпасында Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхыпредмети боюнча “Кыргызстандагы 1916-жылдагы көтөрүлүш” деген темада онлайн ачык сабак өтүлдү.  Сабакка кафедранын окутуучулары жана ПМТФнын Усулдук Кенешинин төрагасы, п.и.к., доцент К.Ураимовдор катышышты.

Белгилей кетсек, салттык ачык сабактарда белгилүү гана тайпанын студенттери катышуусу абзел болсо, онлайн форматында  угуучулардын кеңири аудиториясын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындан улам  Т-1-17 тайпасынан сырткары Филолология факультетинин 2-курсунун студенттери  да катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Сабактын жүрүшүндө Кыргызстандын тарыхынын орто доорундагы тарыхын изилдеп келе жаткан адис катары Э.А.Авазов жаңы жана кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү. Эске салсак, каралып жаткан тема боюнча лектордун “1916-жылдагы Фергана өрөөнүндөгү көтөрүлүш” (Жалал-Абад, 2017) аттуу монографиясы жана бир нече макалалары жарык көргөндүгү маалым. Сабак талапка ылайык жыйынтыкталып, студенттер тарабынан лектордун дарегине ыраазчылыктар билдирилди. Факультеттин Усулдук Кеңешинин башчысы К.Ураимов аталган саамалыкты колдогондугун жана ачык сабак өз максатына жеткендигин баса белгиледи - деп билдирди окутуучу Умарова Мээрим.

  • Тарых кафедрасында ачык сабактар онлайн иретинде улантылды
  • Тарых кафедрасында ачык сабактар онлайн иретинде улантылды
  • Тарых кафедрасында ачык сабактар онлайн иретинде улантылды
  • Тарых кафедрасында ачык сабактар онлайн иретинде улантылды