AVN

ТИЛ ҮЙРӨНҮҮГӨ АРАЛЫК ТОСКООЛ БОЛО АЛБАЙТ!

ТИЛ ҮЙРӨНҮҮГӨ АРАЛЫК ТОСКООЛ БОЛО АЛБАЙТ!
 May 26, 2020  1279

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү өз учурунда кайтарым байланыш жасап жатышат...

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрү кытай окутуучулары менен тыгыз байланышта аралыктан окуп жатышат. Жадыбал боюнча сабакка катышып жаткан студенттердин кабарлоосунда институттун окутуучулары өзгөчө кырдаал учурунда өз окуучулары менен байланышып, түрдүү электрондук сабактарды жасап, аны окуучунун пайдалануусуна ылайыктап, интернеттин түрдүү байланыш жолдору аркылуу жеткирип жатышат. Абалдын башында ватсап аркылуу, кийинчерээк видео-сабак, онлайн-сабак, мультисабактардан окуп жатышканын билдиришти.

NSK-5 группасынын студенти Миргүл: “Окутуучунун сени окутканга бүт аракетин жумшап жаткандыгын көргөнүңдө, жоопкерчилигиң күчөйт экен. Ошондуктан ар күнү саат 15:00дөн 16:30га чейин Ванг Шупин окутуучунун онлайн-сабагына катышып жаттым жана ыраазычылыгымды билдирем”, - дейт.

Тил үйрөнүүдө убакытты туура пайдалануу, өз жоопкерчилигин сезе билүү, окутуучуну сыйлоо да маанилүү экендигин айтышат. 

Албетте, мүмкүнчүлүктөн пайдалануу – ар бир студенттин өз колунда!   

  • ТИЛ ҮЙРӨНҮҮГӨ АРАЛЫК ТОСКООЛ БОЛО АЛБАЙТ!