AVN







АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!

АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН!
 May 24, 2020  663

Саламатсыздарбы, урматтуу ЖАМУнун эмгек жамааты, коллегаларым! Инсандык бийик касиеттерди - сабырдуулукту, каниетчиликти, токтоолукту, боорукердикти, марттыкты, адамгерчиликти бекемдеген сыноо күндөрдү эсен-аман өткөрүп, жаркыраган күндө Улуу Айтты майрамдап жатабыз! Улуулукка, ыйманга толгон жан дүйнө профессионалдык ишмердүүлүктө да абдан керек жана маанилүү! Чоң жамаатта бири-бирибизди сыйлап-барктай билишибиз, бири-бирибизге ак көңүлдө марттык, кенендигибиз, кесиптештерибиз жөнүндө ар качан жакшы ойду, жакшы сөздү айта алышыбыз - биздин окуу жайды кайткыс ийгиликтерге жеткирет! ЖАМУ - биздин ырыскы-энчибиз, мазмундуу жашообуз, эртеңкиге ишенчибиз! АЙТЫҢЫЗДАР МААРЕК БОЛСУН! Элибизде аманчылык, жерибизде тынчылык болсун! Урматтоо менен, Усенов Кеңешбек Жумабекович.