AVN







Билим берүү программасын иш берүүчүлөр, эксперттер жана бүтүрүүчүлөр менен талкуулоо

Билим берүү программасын иш берүүчүлөр, эксперттер жана бүтүрүүчүлөр менен талкуулоо
 May 22, 2020  696

Үстүбүздөгү жылдын 21-майында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университеттин Филология факультетинин Немец тили жана адабияты кафедрасы тарабынан "Билим берүү программасын иш берүүчүлөр,эксперттер жана бүтүрүүчүлөр менен талкуулоо" деген темада онлайн конференция болуп өттү.

Конференцияга иш берүүчүлөр, эксперттер жана бүтүрүүчүлөр ошондой эле кафедранын окутуучулары толук катышты. Эксперттер Жалал -Абад шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин окуудан сырткары мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору ф.и.к. профессору А.С Жолдошбаев, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, чет тилдер факультетинин, германистика жана маданий аралык кафедрасынын ф.и.к., доценти З.К. Мамбетова, Базар -Коргон районундагы  Байыш Абдраимов атындагы N63 кесиптик лицейдин окуу иштери боюнча директордун орун басары Шамшиева Канымбу, Б.Осмонов атындагы N5 мектеп гимназиясынын мугалими Субанова Залина ,Ош  мамлекеттик университеттин Немец тили кафедрасынын башчысы ф.и.к доцент Кайкыбашева Айзада , N13 Р.Азимов атындагы орто мектебинин немец тили мугалими Ибрагимова Асел, Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик Билимкана мектебинин директору Кубанычбек Качкынбай катышышты. Ошондой эле немец тили жана адабияты адистигин бүтүргөн бүтүрүүчүлөр, Германия мамлекетинде билимин улантып жаткан Акматбекова Динара ,Батырбекова Айгеримдер жана башка алыскы район шаарларда эмгектенип жаткан бүтүрүүчүлөр Ала- Бука району, Аксы району,Өзгөн районунан,Ош шаарынан жана ЖАМУнун сапат бөлүмүнүн башчысы ф.и.д.Г.С Токоева ,филология факультетинин деканы ф.и.к.Г.А.Орозбаевалар катышышты.

ББПсы менен таанышып чыккандан кийин,ой -пикирлер айтылды жана талкуу учурунда жакшы сунуштар бүтүрүүчүлөр тарабынан берилди.

 

Немец тили сабагынан ачык сааттар онлайн режимде өтүлүүдө

Немец тили жана адабияты кафедрасынын доценти м.а Ч .Асылбекова чт-1-18тайпасынын 1-кичи тайпасына "Sport" деген темада ачык сабак өттү. Сабактын темасы жадыбалга жана жумушчу программага дал келет.

Ачык сабакка факультеттин деканы ф.и.к. доцент.Г.Орозбаева, факультеттин методикалык кенешмесинин жетекчиси Р . Келдибаева жана мүчөлөрү, кафедра жамааты катышты.

Сабак Zoom программасында онлайн режимде өтүлдү. Сабак учурунда студенттер активдүү катышып суроолорго кызыгуу менен жооп берип жатышты. Доцент Ч.Асылбекова тарабынан дайардалган көрсөтмөлөр кенири колдонулду.

Ачык сабакка катышышкан окутуучулар, сабактын жүрүшүн эн жакшы деп белгилешти.

  • Билим берүү программасын иш берүүчүлөр, эксперттер жана бүтүрүүчүлөр менен талкуулоо
  • Билим берүү программасын иш берүүчүлөр, эксперттер жана бүтүрүүчүлөр менен талкуулоо