AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 May 22, 2020  541

Жалал-Абад колледжинин «Педагогикалык жана социалдык иштер» бөлүмүнүн  СРк-01-19 тайпасынын ата-энелери менен жыйыны 2020-жылдын 20-майында Jitsi Meet тиркемеси аркылуу онлайн түрүндө тайпанын куратору  Н.Н.Сатымкулова тарабынан  өткөрүлдү.

Жыйынга ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров , «Педагогикалык  жана социалдык иштер» бөлүмүнүн  башчысы К.П.Салибаева, «МЧББ жана социалдык иш» ПЦКсынын башчысы А.А.Ташматова жана  ата-энелер жамааты  катышты.

Анда  модуль, экзамендердин жүрүшү, окуу төлөмдөрүнүн төлөнүшү ж.б. маселелер айтылды. Ата-энелер аралыктан онлайн окутуу боюнча суроолорун беришип, куратор Н.Н.Сатымкулова тарабынан жоопторду ала алышты.

Ошону менен бирге  азыркы кырдаалды эске алып,  аралыктан онлайн окутууда  балдарына моралдык жактан да колдой тургандыгын айтышты. Ошондой эле өлкөбүздөгү өзгөчө абалга карабастан, талыкпай эмгектенип, студенттерди окутуп, тарбиялап, билим берип жаткан окутуучуларга ыраазычылыктарын  билдиришти.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ