AVN







СТУДЕНТТЕР КУРСТУК ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ

СТУДЕНТТЕР КУРСТУК ИШТЕРИН ОНЛАЙН КОРГОШТУ
 May 21, 2020  703

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин «Табигый-техникалык» бөлүмүнүнүн БАСк-01-18, БАСк-2-17 тайпаларынын студенттери курстук иштерди онлайн коргоону Jitsi Meet видео-чаттын жардамында өткөрүштү.

Даярдалган курстук иштердин электрондук варианттарын, студенттер окуу жылынын башында бөлүнгөн жетекчилерине ЖАМУнун AVN системасы жана электрондук почталар аркылуу жиберишип, тыгыз байланышта болушту.

Курстук иштер онлайн жүргүзүлүп жаткандыгына карабай, коргоодо студенттердин иштери кызуу талкууланды. Айрыкча БАСк-01-18 тайпасынын студенттери активдүүлүктөрүн көрсөтүштү. Атап айтсак: Жанышбаев Нуртилек, Каныбеков  Мунарбек, Якупов Улукбек, Асан кызы Нурайым, Абдыкайым уулу Адилет курстук иштерин эң жакшы деңгээлде аткарышкан жана коргошуп, өзгөчөлөнө  алышты.

Окутуучулар, студенттер тарабынан суроолор берилип, аткарган жумуштарына, презентацияларына жараша жетекчилер тарабынан бааланды.