Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология факультетинин Чт-1-18, ЧТк-1-18, ЧТк-2-18, НТ-1-18, КТ-1-18 тайпаларында Кыргызстандын тарыхы предмети боюнча Тарых кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Э.А.Авазов тарабынан онлайн сабактар өткөрүлдү.
“Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана эл чарбасын калыбына келтирүү мезгилинде (1941-1960-жж.)” деп аталып, мында Улуу Ата Мекендик согушта Кыргызстандыктардын көрсөткөн эрдиктери, согуш мезгилиндеги Кыргызстандын өнөр жайы жана айыл чарбасы, илим, элге билим берүү жана саламаттыкты сактоо, 50-ж Кыргызстандын коомдук-экономикалык абалы жана маданиятынын өнүгүшү боюнча маалыматтар баяндалды.
Ошондой эле “Кыргызстан 1961-1980-жылдардын аралыгында”деген тема боюнча лекция өтүлдү. Сабактын жүрүшүндө Кыргызстан «өнүккөн социализм» доорунда (1964-1985-жылдар); Кыргызстан кайра куруу жылдарында ( 1985-1991-жылдар) деген суроолор талкууланды. Сабактын жыйынтыгында студенттер мындай онлайн сабактар бир канча майнаптуу экендиктерин белгилеп кетишти.