AVN







ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ

ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
 May 21, 2020  828

Табигый-техникалык факультетининТабигый-илимий билим берүү багытынын Химия профили боюнча билим алып жатканХ-1-17 тайпасынын студенттеринин кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыктоочу  онлайн конференциясы болуп өттү.

Онлайн конференцияны кафедра башчысы Н.Б. Арстанбекова ачып, катышуучуларды конференциянын программасы менен тааныштырды. Практиканын жыйынтыктоочу конференциясынын  ишине Табигый-техникалык факультетинин деканы, т.и.к., доцент Ж.Б.Шамиев, Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14-инновациялык мектептин химия мугалими Эл агартуунун отличниги Т.Т.Жакыпова, Р.Санатбаев атындагы №9-инновациялык мектептин химия мугалими Эл агартуунун отличниги С.Тагаева, №4-гимназия мектебинин химия мугалими Ф.Мамасадыковалар катышышып,  өзгөчө шартта мугалимдер үчүн да, окуучулар үчүн да жаңы технологияларды колдоно билүү зарылдыгы келип чыккандыгына токтолушуп, мындай кырдаалда өздөрү жана практиканттар окуучулар менен кантип онлайн сабактарды жүргүзгөндүгүн айтып беришип, практиканын жүрүшү, андагы химик-практиканттардын онлайн сабактарына  өздөрүнүн оң бааларын беришти.

№9-инновациялык мектептин химия мугалими С.Тагаева өз сөзүндө практиканттар менен тыгыз иштегендигин, алардын  теориялык билими  талапка жооп бере тургандыгын белгилеп, ошондой эле ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамына өз ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча №14-инновациялык мектептин химия мугалими Т.Т.Жакыпова бул мектепте практикасын өтөгөн Эркинбек кызы Гүлнурдун химиялык билими терең экендигине токтолуу менен, окуучуларга онлайн сабак өткөрүп, сабактан кийин дагы окуучулар менен WhatsApp, Telegram, zoom программалары менен байланышып, тыгыз кайтарым байланышта иш алып баргандыгын айтты. Келечекте аталган студенттен жакшы химик мугалим чыгаарын айтып, ЖАМУнун химия кафедрасынын жалпы эле окутуучулар жамаатына ыраазычылыгын билдирди.

Конференциянын жүрүшүндө  мектептерге бөлүнгөн студенттердин  ар бири  өздөрүнүн отчетторунда  өтүлгөн видеосабактардан фрагменттерин, окуучулар менен болгон кайтарым байланыштын материалдарын, тарбиялык сааттардын жүрүшүн презентациялашты.

Конференцияда сөз алган практика жетекчиси Н.А.Маматураимова, тайпа жетекчилери: М.Сатканкулова, Г.Молдошевалар ар бир  студенттин өзгөчө шарттагы практика мезгилинде жүргүзгөн иштерине токтолуп, өз бааларын беришти.

Студенттердин отчеттору электрондук Word, pdf, avi форматтарында атайын папкага жүктөлүп, кафедрага тапшырылды.

Конференция жыйынтыгынталып, AVNсистемасы аркылуу баланды – дейт Н. Арстанбекова.

  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ
  • ХИМИКТЕР КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАСЫН ЖЫЙЫНТЫКТАШТЫ