AVN







СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ – ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС

СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМИЙ – ТЕХНИКАЛЫК ПРОГРЕСС
 Dec 1, 2017  1198

ЖАМУнун беш студенти 29-ноябрыда Ош шаарында уюшулган «Студент жана илимий- техникалык прогресс» аттуу IV аймактык студенттик илимий конференцияга катышып келишти.  Илимий конференция Ош мамлекеттик университетинде болуп өттү.

Аталган конференцияга катышуу үчүн студенттер  Кыргыз тарыхы, дин таануу жана филология багыты боюнча макалаларды жазышкан.

Жаштардын эмгектери бааланып,  ийгиликтүү орундарды алып, дипломдор менен сыйланышты.

Исмаилова Айсана Т-1-15 тайпасынын студенти 1- даражадагы диплом, Асанова Эркинай КТ-1-15 тайпасынын студенти 2- даражадагы диплом, Топчубекова Айкыз Т-1-17 тайпасынын студенти 2- даражадагы диплом, Абдыразакова Айтурган Т-1-15 тайпасынын студенти 3- даражадагы диплом менен жана Акылбек кызы Айзирек Т-1-15 тайпасынын студенти 3- даражадагы диплом ыйгарылды.