AVN







БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАНЫН АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ

БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАНЫН АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
 May 21, 2020  656

Жалал-Абад колледжинин “Педагогикалык жана социалдык иштер”  бөлүмүнүн БКМк-03-18 тайпасынын ата-энелери менен жыйналышы онлайн түрүндө,  zoom платформасы аркылуу, куратор М.Нурматова тарабынан өткөрүлдү.

         Жыйында 5 маселе каралды: бүтүрүүчү тайпалардын модул экзамендеринин жүрүшү, аларга даярдыктар, аралыктан сабак өтүүдөгү окутуучулар менен биргеликте кел бил тиркемеси, avn порталдары аркылуу тапшырмаларды алуусу боюнча маалыматтар, мультиуроктордон тесттер менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар айтылды. Окуу төлөмдөрү боюнча маалымат айтылып, бир гана студент толук төлөгөндүгү белгиленип, калгандар да жашаган жерине жакын банктарга төлөсө болоору айтылды. Мамлекеттик сынактарды да онлайн түрүндө тапшыруусу жөнүндө маалыматтар берилди. Бүгүнкү кырдаалда окуу процессинин соңуна чыгуусуна ата-энелердин жардамы керектигин айтып ыраазычылык билдирилди.

         Ата-энелер онлайн сабактарды өтүүдөгү окутуучулардын эмгектеринин түйшүктүү  болгонуна карабастан, видео сабактарды даярдап, студенттердин аралыктан  билим алууда, видео-конференция аркылуу сабактарды өтүшүп, видео-сабактарды көрүп, билим алууга шарт түзүлгөндүгү, студенттер тарабынан да кайтарым байланыштар учурунда түрдүү формада даярдалып ишке ашкандыгы айтылды.

         Бүтүрүүчү тайпалардагы мамлекеттик сынактардын тесттери, сынак китепчелери, окуу төлөмдөрүнүн төлөнүүсү боюнча суроолор берилди, куратор М.Нурматова тарабынан жоопторду ала алышты. Ата-энелер балдарынын мамлекеттик сынактарды аралыктан онлайн тапшыруусуна көмөк көрсөтөөрүн баса белгилешти.

  • БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАНЫН АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАНЫН АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАНЫН АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ
  • БҮТҮРҮҮЧҮ ТАЙПАНЫН АТА-ЭНЕЛЕР ЖЫЙЫНЫ