AVN







ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ

ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ
 May 19, 2020  800

Эл аралык музейлер күнүнө жана Какен Мамбеталиева атындагы Нарын мамлекеттик областык тарыхый-этнографиялык музейинин 35 жылдыгына карата “Музейлер – тарыхый мурастардын мейкиндиги” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциясына  Педагогика жана маалымат технологиялары факультеттин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасынын доценти, ф.и.к., Г.Т. Токтогулова катышты.

Г. Токтогулова  “Жалал-Абаддагы край таануу музейинин тарыхы” деген темада илимий баяндама жасап, биздин аймакта  край  таануу музейлерин ачуу иштери бир катар зарылчылыктардын негизинде келип чыккандыгын, биринчиден,  советтик Кыргызстанда маданият тармагынын бир бөлүгү болгон музей мекемелеринин кеңейишин, край  таануу иштеринин активдешкенинен, экинчиден, Жалал-Абад жана Ош облустары аймактын борбору болуп тургандыктан, элдин руханий-маданий көрөңгөсүн жогорулатуучу маданий жайлардын катарында музей мекемесинин болушу  шарттуу түрдө керек болгондугунан, үчүнчүдөн, бул мекемелер аркылуу бийликтин саясий-агартуу, үгүттөө, идеологиялык иштеринин жүргүзүлүшү ыңгайлуулукту жараткандыгын белгилеп өттү. Түштүктө музей уюштуруу аракеттери адегенде Жалал-Абад облусунан башталгандыгын, 1947-жылдын 27-ноябрында Эмгекчилер депутаттарынын Жалал-Абад областтык Советинин аткаруу Комитети областык аймак таануу музейин уюштуруу жөнүндө №596 чечим кабыл алынгандыгын, ошентип биздин областа музей иши уюштурулгандыгын баяндады.

Эл аралык илимий-практикалык конференция 18-май Эл аралык музейлер күнүнө карата уюштурулган.

  • ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК МУЗЕЙЛЕР КҮНҮ