AVN







МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ

МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ
 May 19, 2020  616

Жалал-Абад колледжинин педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн  БКМк-2-17 тайпасынын ата-энелери менен  жыйналышы онлайн түрүндө, zoom тиркемеси аркылуу, куратор У.Кайкиева тарабынан  өткөрүлдү.

Мында бүтүрүүчү тайпалардын модул ,экзамен тапшыруудагы жетишкендиктери (кемчиликтери), аралыктан сабак өтүүдөгү окутуучулар менен  биргеликте keл бил тиркемеси, avn порталдары аркылуу тапшырмаларды берүү  жана студенттердин тапшырмаларды аткаруусу, мульти уроктордон тесттер менен иштегендиги тууралуу маалыматтар айтылды.Ошондой эле күн тартибиндеги негизи  маселелердин бири окуу төлөмдөрүнүн төлөнүшү, мамлекеттик сынактарды да онлайн түрүндө  тапшыруусу жөнүндө маалыматтар берилди.

Ата-энелер  онлайн сабактарды өтүүдөгү окутуучулардын эмгектеринин түйшүктүү  болгонуна карабастан, видео сабактарды даярдап, студенттердин аралыктан билим алуусуна  бүт аракеттерин жумшагандыгын баса белгилешти.Ошондой эле студенттердин сабактар боюнча кайтарым байланыштары боюнча видеолору тууласунда маалыматтары  бар экендигин  айтышты жана азыркы кырдаалда талыкпай иштеп жаткан окутуучуларга ыраазычылыгын билдирп өтүштү.

Бүтүрүүчү тайпалардагы мамлекеттик сынактардын тесттери,окуу төлөмдөрүнүн төгүлүшү боюнча суроолорду беришип,  куратор У.Кайкиева тарабынан жоопторду ала алышты. Ар бир студент ата-энесинин көзөмөлүндө мамлекеттик сынактарды аралыктан онлайн тапшыра тургандыгы, ага ата-энелер жоопкерчиликтүүлүк  менен мамиле  жасай тургандыгы белгилүү болду.

  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАК АТА-ЭНЕЛЕРДИН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ БОЛОТ