AVN

Тарыхчылардын жыйынтыктоочу практикаларынын онлайн конференциясы

 May 19, 2020  678

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин тарых кафедрасы тарабынан Т-1-17 тайпасында кесиптик-базалык, Т-1-18 тайпасында Адаптациялык-педагогикалык практикаларынын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы уюштурулду. Конференцияга кафедранын  окутуучулары, Т-1-17, Т-1-18 тайпасынын студенттери менен биргеликте, факультеттин деканыф.и.к., доцент Р.К.Шамшиев, өндүрүштүк практика жана карьера бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошалиева, педагогика жана психология кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент М.Найманбаевдер катышышты.

Практиканын  жүрүшү, студенттердин бөлүштүрүлүшү, жетекчилер тууралуу маалыматты практикалык иштер боюнча жооптуу т.и.к., доцент К.А.Халматов кенен тааныштырып, маалымат берди.

Онлайн конференциянын жүрүшүндө, студенттерге кенен убакыт берилип, видео баяндамаларын жасап, электрондук отчетторун тапшырышты.

Кафедрадан бөлүнгөн усулдук жетекчилер бөлүнгөн мектептер жана студенттер менен үзгүлтүксүз байланышта болушуп, керектүү усулдук жардамдарды берип турушту. Студенттердин берген маалымат жана видео отчетторунун негизинде баалашты. Негизинен бүгүнкү конференция максатына жетип, төмөнкүдөй сунуштар менен жыйынтыкталды.

Онлайн практиканын жетишкендиктери:

1. Тарых профилинин студенттери кырдаалга байланыштуу адаптациялык-педагогикалык, кесиптик-базалык практикаларын үзгүлтүккө учуратпай, тиешелүү деңгээлде ишке ашырды.

2. Өзгөчө шарттагы практика студенттерди жана жетекчилерди дагы да жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ыктарды пайда кылып, жаңы технологиялар үстүндө иштөөгө жана өздөштүрүүгө милдеттендирди.

3. Өзгөчө шарттагы практика мындан ары окуу жайлардын мүмкүнчүлүгүнө жараша окутуунун техникалык каражаттары сыяктуу сабактарды уюштуруу зарылчылыктарын көрсөттү.

  • Тарыхчылардын жыйынтыктоочу практикаларынын онлайн конференциясы