AVN







Аралыктан иштөөнүн ыңгайлуу жолу – изденүү!

Аралыктан иштөөнүн ыңгайлуу жолу – изденүү!
 May 19, 2020  876

Конфуций институтунун жамааты аралыктан иштеп жатышат...

ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун окутуучулар жамааты кырдаалга жараша ыңгайлашуу менен 200дөн ашуун видео-сабак, онлайн-сабак, мультисабактарды даярдашып, интернет байланыштын бардык жолдорун пайдаланып, өз тил үйрөнүүчүлөрүн аралыктан окутуп жатышат. Окутуучулардын жадыбал боюнча сабак өтүүсү тыкыр көзөмөлгө алынган. Институттун директору, фил.и.к., доцент М.Шакирова мындай электрондук сабактардын алгылыктуу жактары – бир нече жолу кайталап көрүү, материалдын жумушчу программага шайкештигин көзөмөлдөө, окуучуларды кызыктыруучу анимацияларды колдонуу менен сабакты жеткиликтүү түшүндүрүү, окутуучунун педагогикалык чеберчилигин байкоо-көрүү, окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу, бирин-бири баалоо, баалануу, кызматташуу жана сергек атаандашуу, убакытты ыңгайлуу пайдалануу сыяктуу артыкчылыктары бар экендигин айтты. Ар бир окутуучу учурдун мындай актуалдуу сабагын даярдоо менен өз тажрыйбасын байытып, усулун, билимин арттырып жаткандыгын, даярдалган сабактар окуучу алып пайдалануусу үчүн атайын сайттарга, ютуб каналдарга жайгаштырылгандыгын кабарлады. Учурда институттун атайын электрондук сабактар фондун түзүү жана отчеттуулук үчүн жетишерлик материалдардын топтолуп калганын да кошумчалады.

Тил үйрөнүп жаткан студенттердин, окуучулардын кайтарым байланыштары үстүндө иш алып баруу, алардын билимин өз учурунда баалоо, шыктандыруу, алар менен тынымсыз байланышта болуу да четте калтырылган эмес.

Жамааттын шартка жараша иш алып барууга ар дайым даяр экендигин, аралыктан тынымсыз изденүү менен эмгектенип гана кырдаалдан татыктуу чыгууга салым кошорун Конфуций институтунун жетекчилиги ишенимдүү белгиледи.

  • Аралыктан иштөөнүн ыңгайлуу жолу – изденүү!
  • Аралыктан иштөөнүн ыңгайлуу жолу – изденүү!
  • Аралыктан иштөөнүн ыңгайлуу жолу – изденүү!
  • Аралыктан иштөөнүн ыңгайлуу жолу – изденүү!