AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ
 May 18, 2020  537

Жалал-Абад колледжинин Мектепке чейинки билим берүү  жана социалдык иш ПЦКсынын кезектеги аралыктан  онлайн режиминде жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөнкүдөй маселелер каралды;
1. Бүтүрүүчү курстарга МАКты аралыктан  өткөрүү жөнүндө.
2. Сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери менен кайтарым байланышты күчөтүү.
3. Куратордук сааттарды жана ата-энелер менен болгон байланышты бекемдөө. Ата-энелер жыйынын уюштуруу боюнча.
4. Ар түрдүү  маселелер: (окуу акысынын төлөнүшү, студенттердин сабакка катышуусу ж.б.у.с. ) каралды.

Жыйынга  ПЦКнын жалпы окутуучулары катышышты. МЧББ жана социалдык иш ПЦКсынын башчысы А.А.Ташматова жыйынды өткөрдү. Ал өз сөзүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жыйындар онлайн режиминде өтүлөрүн эскертип өттү.

Бүтүрүүчү курстарга МАКты алыстан режиминде аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен азыркы мезгилдин талабына ылайык жүргүзүү керек экендиги жөнүндөгү сунуштарды, мамлекеттик аттестациялык сынак  өткөрүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрдү. Сырттан окуу бөлүмүнүн студенттери менен кайтарым байланышты күчөтүү максатында окутуучулардын окуу жүктөмүнө ылайык сааттарына жараша иш-аракеттерди аралыктан онлайн режиминде жүргүзүшөт. Предметтер боюнча тесттерди АВН системасына жүктөп, жыйынтыгын алыша тургандыгын белгиледи.

Бардык кураторлорду ата -энелер менен иштөөнү , байланышты бекемдөө , алар менен жыйынды Jitsimeet презентациясы аркылуу өткөрүү керектигин айтты. Ошндой эле ар түрдүү маселе боюнча студенттердин окуу акыларынын төлөмүн толук төлөө, аралыктан окутууда онлайн режиминде студенттердин сабактарга катышуусу боюнча да кураторлордон кыскача маалымат алды.Окутуучулар менен биргеликте каралган маселелер боюнча иш-аракеттерди турмушка ашыруу керектигин белгилеп өттү.