AVN







БҮГҮНКҮ МАКСАТ – КЕЛЕЧЕККЕ КОЙГОН КАДАМ

БҮГҮНКҮ МАКСАТ – КЕЛЕЧЕККЕ КОЙГОН КАДАМ
 May 18, 2020  719

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасы тарабынан профориентация иштери жүрүп жатат.

Бул багыттагы “Бүгүнкү максат – келечекке койгон кадам”– деп аталган онлайн иш-чара үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү болуп өттү.

Аталган онлайн конференция колледждин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулду.

Аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулова талапкерлерге бакалавр даражасы жана анын келечекте өз ордун табууга тийгизген таасири боюнча кеңири маалымат берип, ийгилик каалап өттү.

Кафедранын окутуучусу Ырыскүл Кожоназарова Социалдык иш багыты боюнча кеңири маалымат берди жана талапкерлер тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

  • БҮГҮНКҮ МАКСАТ – КЕЛЕЧЕККЕ КОЙГОН КАДАМ
  • БҮГҮНКҮ МАКСАТ – КЕЛЕЧЕККЕ КОЙГОН КАДАМ