AVN







Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттерин сурамжылоонун жыйынтыгы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттерин сурамжылоонун жыйынтыгы
 May 18, 2020  774

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен, коронавирус инфекция (COVID-19) коркунучу болгондуктан, аралыктан онлайн форматында окууга өттү. Бир айдан ашык убакыттан бери ЖАМУда аралыктан билим берүү жүргүзүлүп келет. Ушул процесстин жүрүшүн, оң жана терс жактарын аныктоо үчүн 2020-жылдын 21-апрелинен 28-апрелине чейин студенттерден онлайн сурамжылоо жүргүзүлдү.

Сурамжылоого баары 12 суроо коюлган. Жалпы сурамжылоого катышкан студенттердин саны - 639. Сурамжылоого катышкан студенттердин ичинен кыздар 61%, эркек балдар 39% түздү. “Аралыктан билим алууда татаалдыктарды сезген жоксузбу” деген суроого респонденттердин 43% “Татаалдыкты сеген жокмун” деп жооп берген, “Чечиле турган сейрек татаалдыктар бар” деп респонденттердин 36% оюн билдирген. Ал эми сурамжылоого катышкан студенттердин 19 % татаалдыктар көп кездешип жатканын жана алар чечиле тургандыгын белгилесе, 2% чечүү кыйын болгон татаалдыктар бар экендигин айтышат.

“Аралыктан окутууда кандай программалык камсыздоо колдонулат?” деген суроого студенттердин 64% WhatsAppты, 33% AVN маалымат системасын, 3% ZOOMду пайдаланып жаткандыктарын билдиришкен.

Сурамжылоого “Аралыктан окутуунун форматына кандай баа берет элеңиз? деген суроо коюлган. Сурамжылоого катышкан студенттердин 32% “эң жакшы”, 54% “жакшы”, 11% “канааттандырарлык”, ал эми 3% “канааттандырарлык эмес” деп жооп беришкен.

 

 

“Дистанттык окутуунун кайсы формаларын жана каражаттарын колдонуу ыңгайлуу деп ойлойсуз?” деген суроого сурамжылоого катышкан студенттердин 251 электрондук даректи ыңгайлуу деп белгилеген. Бул жалпы катышкандардын 39% түзөт. Ал эми 23% видеоконференцияларды пайдаланууну ыңгайлуу деп эсептешкен. Электрондук окуу материалдарын колдонуу жана аны ыңгайлуу деп эсептегендер 31% тузөт. Бул жерде студенттер ЖАМУнун АВН маалымат системасын колдонууну ыңгайлуу деп эсептешкен. Ал эми чатты колдонууну ыңгайлуу деп сурамжылоого катышкан студенттердин 7% белгилеген.

 

 

Окуу материалын түшүнүү сиз үчүн кыйын болуп жатабы? деген суроого “Татаалдыктарды сезген жокмун” деп 269 студент (42%), “Чечиле турган сейрек татаалдыктар бар” деп 240 студент (38%), “Татаалдыктар көп кездешет, алар чечилет” деп 104 студент (16%), “Чечүү кыйын болгон татаалдыктар бар” деп 25 студент (4%) оюн билдирген.

 

 

Сурамжылоо учурунда студенттерге “Окуу материалынын берүүнүн кайсы ыкмалары сизге ыңгайлуу? деген суроо коюлган. Онлайн режиминде окутуунун ыкмаларын белгилөөдө сурамжылоого катышкан студенттердин дээрлик 53% видеокайрылууну ыңгайлуу деп эсептешкен. Ал эми респонденттердин 38% тесттик тапшырмалар менен иштөөнү, 9% сүрөттөрдү ыңгайлуу деп эсептешет.

 

 

“Бардык окутуучулар Сиз менен байланышка чыгабы?” деп коюлган суроого: “Ооба, баары байланышка чыгат” деп 557 студент жооп берген. Бул катышкан студенттердин 87% түзөт. Ал эми “Жок, баары эле байланышка чыга бербейт” деп 81 студент жооп берген. Бул жалпы сурамжылоого катышкан студенттердин 13% ын камтыган.
“Окутуучу тарабынан кайтарым байланыш активдүүбү? деген суроого студенттер өз ойлорун ар кандай багытта билдиришкен. “Ооба, мен баардык суроолорума жооп алам” деп  89% катышуучу жооп берсе, 8% ар дайым эле жооп ала албай тургандыгын билдирген. Ал эми суроосуна байланыштуу жооп ала албай калып жаткандыган сурамжылоого катышкан студенттердин 3% билдирген.

 

“Аралыктан окутуу учурунда окутуучулардын Сизге болгон мамилеси өзгөрдүбү?” деп коюлган суроого сурамжылоого катышкан студенттердин 25% окутуучулардын студенттерге болгон мамилеси мурдагыга караганда абдан жакшы болуп калгандыгын, 44% мурдагыдай эле болуп жаткандыгын белгилешкен. Бул суроого студенттердин өз ойлорун эркин билдирүүсү белгиленгенден улам сурамжылоого катышкан студенттердин калгандары ар түрдүү пикирлерди билдиришкен. ЖАМУда дистанттык онлайн режими колдонгонго чейин эч кандай көйгөй болбогондугун, азыр деле ошондой болуп жаткандыгын, адаттагыдай эле карым-катнаш болуп, бардык окуу материалдары менен камсыз болуп жаткандыктарын айтышкан. Ал эми студенттердин айрымдары окутуучулар суранып, каалоолорун айтып, баары жакшы болушун тилек кылып жаткандарын билдиришкен.

“ЖАМУда дистанттык окутуу системасынын окуу процессине киргизилишин колдойсузбу?” деген суроого сурамжылоого катышкан студенттер “ооба, колдойм” деп 86%, ал эми 14% “жок, колдобойм” деп жооп беришкен.

 

 

Сурамжылоого коюлган: “Жалпысынан аралыктан окутуу боюнча пикириңизди кошуңуз” деген сунушка студенттер активдүү түрдө жеке пикирлерин билдиришкен. Атылган пикирлерди топтоштуруп сурамжылоого катышкан студентердин пикирлерин төмөндөгүчө беребиз:
    • окутуучулар студенттерге түшүнүү менен мамиле жасашууда, дем алыш күндөргө жана убакыттын кеч болуп калгандыгына карабастан кайтарым байланышты жасап жатышат;
    • өзгөчө кырдаалдын шартына карабастан окутуучулар бизге билим бергенге аракет жасоодо;
    • дистанттык окутуу үчүн төмөндөгудөй шарттар керек: эң жакшы ылдамдыктагы интернет, санарипти жакшы өздөштүргөн окутуучу, абдан жакшы даярдалган окуу материалдары;
    • онлайн режиминде окутуу жакты, эн жакшы,  ЖАМУнун системасына киргизилсе жакшы болмок мүмкүнчүлүгү чектелгендер дистанттык  технологияны колдонуп окуп, алар жумуш менен камсыз болуп калмак;
    • университетте эле окуган жакшы экен, досторуңдун, курсташтарыңдын арасында, көнүлдүү, ж.б.