AVN







ЖАКТЫН КҮЗ ХАНЫШАСЫ АНЫКТАЛДЫ

ЖАКТЫН КҮЗ ХАНЫШАСЫ АНЫКТАЛДЫ
 Dec 1, 2017  1054

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 29-ноябрда Жалал-Абад колледжинин күзгү майрамы болду.  Анда колледждин студенттери тарабынан даярдалган тамак-аштар көргөзмөгө коюлуп, күзгү кийим-кече модасы  көргөзүлдү. Андан сырткары концерттик программа менен коштолду.

Жалал-Абад колледжинин директору Бариса Турдубаева – Күз мезгили токчулуктун маалы, ак төөнүн карды жарылган убак деп коебуз. Элибиз да ушул убакта той-аштарды өткөрүп, жакшылыктын арбын болгон кези күз маалына туура келет. Биз да түшүм жыйнап, аны майрамдоодобуз. Бүгүнкү майрам жыл сайын өтүп келет, ар жылы эжекелерибиз башкача жылдагыдан өзгөчөлөнтүп уюштуруп келишет. Бул жылы да мыкты даярдыкта өткөрүлүүдө. Элибиздие дайым тынчтык жана токчулук болсун – деди ал. 

Күз майрамда студенттер камырдан ар-түрдүү тамак-аштарды жасаса, жер-жемиштерден жаныбарлардын элесин түшүрүп карвингдерди жасашкан. Ошондой эле кагаздан, пакеттен, ширенкенин чийинен жана жалбырактардан ар кандай кийимдерди тигип, мода көргөзүштү.

Мына ошол моданын жыйынтыгы менен ЖАКтын күзгү ханышасы тандалды. Айбийке Сатыбекова жана Айзат Жумаева диплом менен сыйланышса, “Акыл карачач” наминациясына №12 катар санында чыккан Аэлита Нуркалык кызы “Акыл карачач” наминациясын алса, Токтобүбү Төрөева “Ажарлуу сулуу” наамына ээ болду. Ал эми Айнура Замирбек кызына “Наздуу бийкеч” наамы ыйгарылса, баарынан өзгөчөлүнүп мыкты баага татыган Гүлмира Сүйүналиева “Күз ханышасы” аталып, ЖАКтын көз ханышасы болду.