AVN

“СОМ - КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН СИМВОЛУ”

“СОМ - КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН СИМВОЛУ”
 May 18, 2020  545

Экономикалык-юридикалык факультетинин “Экономика, эсеп жана каржы” кафедрасы 10 май – Кыргызстандын улуттук валютаны кабыл алынган күнүнө карата эл аралык онлайн конференция өткөрүштү. Конференцияда КР Улуттук банктын Жалал-Абад областынын башкармалыгынын жетекчилиги, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жогорку окуу жайлары: Мардан Сапарбаев атындагы институту (Казакстан), М. Ауэзов атындагы Түштүк Казакстан мамлекеттик университети (Казакстан), Ташкент мамлекеттик университети (Узбекистан), Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академия, Ош мамлекеттик университети, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети, Кыргыз-Өзбек университети,  К. Токтомаматов атындагы эл аралык университети, Заманбап эл аралык университети жана Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети. Жалпысыны 60 ка жакын окумуштуулар жана изденүүчүлөр катталды. Конференциянын жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынды:

  1. Улуттук валютанын курсун туруктуулугуна багытталган иш чараларды күчөтүү;
  2. Товарлардын тышкы соодасы жана финансылык кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө улуттук валютадагы өз ара эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн өсүшүн камсыз кылуу;
  3. Насыя алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү максатында, улуттук валютадагы насыялоону өркүндөтүү (жакшыртуу);
  4. Микрофинансылык компаниялар жана коммерциялык банктар аркылуу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жана кайра иштетүү өнөр жайын насыялоону женилдетүү;
  5. Евроазиялык экономиканын биримдигине мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү;
  6. Кыргызстандагы бизнес-чөйрөнү реформалоо процессин күчөтү;
  7. Өлкөнүн экономикасынын негизги чөйрөлөрүндө, анын ичинде экспортту өнүктүрүү;
  8. Инвесторлор үчүн өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу;
  9. Каржы системасында маркетинг жана менеджменттин куралдарын кеңейтүү;
  10. Бюджеттин тең салмактуулугуна мамлекеттик баалуу кагаздарды  чыгаруудан эмес, мамлекеттин чыгымдарын кыскартуу, салык саясатын өзгөртүү жана ишкерлерди колдоо жолу менен жетишүү.

  • “СОМ - КЫРГЫЗСТАНДЫН МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНҮН СИМВОЛУ”