AVN







АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН БААРЛАШУУ

АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН БААРЛАШУУ
 May 15, 2020  709

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  Педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин Информатика жана ОМТ кафедрасынын тайпаларынын кураторлору студенттердин ата-энелери менен онлайн байланышууда.

Азыркы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу тайпадагы ар бир студенттердин ата-энелери менен тыгыз байланышта болуп, онлайн баарлашуу жүрүп  жатат.  Студенттердин сабакка активдүү катышуусун, берилген тапшырмаларды убагында аткаруусун ата-энелер көзөмөлдөп, мугалимдерге көмөктөрүн көргөзүшүүдө  деп белгиледи кафедра башчысы Маматова Гулшайыр.

 Ата-энелер аралыктан окутуу системасы боюнча жана AVN системасынын артыкчылыктары жөнүндө ой-пикирлерин ортого салышып, балдарына үзгүлтүксүз билим берип жаткан жалпы ЖАМУнун эмгек жамаатына, кафедра башчыларына, окутуучуларына ыраазычылык билдиришти.

  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН БААРЛАШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН БААРЛАШУУ
  • АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН ОНЛАЙН БААРЛАШУУ