AVN







ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯ

ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯ
 May 14, 2020  639

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин Педагогикалык жана социалдык иштер  бөлүмүнүн “Башталгыч  класстарда окутуу” адистигинин БКМб-3-17 тайпасынын  студенттери үчүн  27-апрель күнү  мамлекеттик практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү.

Кыргыз Республикасындагы  кырдаалга байланыштуу  JITSI MEET мобилдик тиркеменин жардамы менен онлайн  конференция уюштурулду. Онлайн конференцияга Жалал-Абад мамлекеттик университетинин практика жана карьера бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошалиева Н.С., Жалал-Абад колледжинин директору Турдубаева Б.М., Жалал-Абад колледжинин  өндүрүштүк практика   иштери боюнча директордун орун басары Кайкыева Ү.Т., Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Салибаева К.П, педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын башчысы Тобокелова С.А., практика  жетекчилери жана студенттер  катышты.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика мезгилиндеги окуу иштери, окуу методикалык, тарбиялык , рефлекциялык иштерин,  сабактардын жүрүшүн экран аркылуу көрсөтүп, отчетторун тапшырышты. Студенттер өз отчетторунда жүргүзгөн практикалык иштерин жетекчилер тарабынан түзүлүп берилген жол карталар менен дал келээрин айтып ,окуу жайдын жамаатына  ыраазычылык  кат жолдогон мектептерди аташты жана   кээ бир студенттерди мектептер  жумуш ордун сунуштаганын айтып өтүштү. Ал эми жетекчилер студенттердин практика учурунда кетирген кемчиликтерин ,алардын жетишкендиктерин баса белгилешти. Жетекчилер студенттердин берген отчетторун, аткарган иштерин жакшы деп баалашты.

Онлайн конференция учурунда студенттерге директор, жетекчилер тарабынан суроолор берилип, жоопторду ала алышты. Конференциянын соңунда ЖАКтын директору п.и.к., доцент Турдубаева Б.М. жетекчилердин жана студенттердин отчетторун жакшы даярдыкта сүйлөшкөнүн белгилеп, онлайн конференциясынын катышуучуларына ,  уюштуруучуларына  ийгилик каалады.

  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯ
  • ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ  КОНФЕРЕНЦИЯ