AVN







«ЖЕӉИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛЫ

«ЖЕӉИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ» ОНЛАЙН ФЕСТИВАЛЫ
 May 13, 2020  935

КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан студенттердин арасында Улуу Ата Мекендик согушта жеӊүүчү болгон ата-бабаларыбыздын эрдиктерин даӊктоо, ардагерлерге карата сый-урматты калыптандыруу, жаштардын арасында мекенчилдикти жана атуулдук тарбияны күчөтүү, Мекенди коргоого, өнүктүрүүгө, сүйүүгө үндөө жана мамлекет алдындагы жарандык жоопкерчилигин арттыруу жана башка максаттарда 27-апрелден 10-майга чейин Улуу Жеӊиштин 75 жылдыгына арналган «ЖЕӉИШ ЫРЫН ЫРДАЙБЫЗ» аттуу студенттер арасында онлайн фестиваль уюштурулуп, ага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун таланттуу, чыгармачыл бир топ  студенттери катышышты. 
Фестивалдын программасынын негизинде студенттер обондуу ырларды аткарышып, көркөм окушуп, монолог айтышып, сүрөт тартышып, чоӊ аталарынын эрдиктерин даӊазалашып, видео-роликтерди жасашып активдүү катышышты жана видео материалдар #АРДАГЕРЛЕРДИН ЭРДИКТЕРИН ДАӉКТАЙБЫЗ деген хештег менен Фейсбук, инстаграм баракчаларына жайгаштырылды - деп билдирди мамлекеттик тил борборунун жетекчиси Н.К.Жалилова