AVN

Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинде өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө

Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинде өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө
 Nov 30, 2017  1028

ЖАМУнун Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинде “Адеп, ыйман, маданият – билимдүүгө жанган чырак” аталышындагы кароо сынак өткөрүлдү. Иш-чара 28-ноябрь күнү уюшулуп, ага Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов, илимий иштер боюнча проректору Курманбек Алыбаев  жетектеген топ күбө болушту.

Жолугушууда сөзгө чыккан ректор К. Усенов университеттик деңгээлде аткарылып жаткан жана келечекте аткарыла турган иштер боюнча кеңири маалымат жасады.

Жоолугушуудан кийин факультеттин жамааты тарабынан даярдалган “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Кыргыз элинин маданий-адеп мурастарын, үрп-адат жана каада салттарын кеңири жайылтуу максатында, ЖАМУнун факультеттер жана колледждер арасында өткөрүлүүчү “Адеп, ыйман, маданият – билимдүүгө жанган чырак” аталышындагы кароо сынак өткөрүлдү.

Кароо сынактын программасы “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен башталып, обондуу ырлар, күүлөр жана улуттук бийлер менен коштолду. Сынактын жүрүшүндө ыймандуулуктун, адептин негизги маңызын түшүндүргөн макал-лакаптар, чыгармалардан үзүндүлөр айтылып, жашоо-тиричиликтин эпизоддору келтирилди.

Сынактын катышуучулары улуттук кийимдерди атайын тиктиришип, мыкты даярдык менен келгендигин көрсөтө алышты.

Иш чара Таш-Көмүр шаарынын маданият үйүндө өткөрүлүп, ага окуу жайдын мугалимдери, студенттери, шаардын тургундары жана мектеп окуучулары катышты.

  • Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинде өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө