AVN







БАЛДАР ЭФФЕКТИВДҮҮ САБАК ӨТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШТҮ

БАЛДАР ЭФФЕКТИВДҮҮ САБАК ӨТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШТҮ
 May 12, 2020  638

Жалал-Абад колледжинин  « Педагогика жана социалдык иштер» бөлүмүнүн Чет тили жана Орус тили ПЦКсынын АТк-01-19,АТк-2-18,АТк-3-18 тайпаларынын окуу таанышуу практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы азыркы кырдаалга байланыштуу онлайн түрүндө болуп өттү. Конференциянын уюштуруучуларынын айтымында,  онлайн жыйыны Jitsi Meet программасын колдонуу  менен болуп, практика жетекчилери жана студенттер катышышкан.  Практиканын мөөнөтү  эки жума арлыкта болгон бул аз убакттын ичинде студенттер теориялык алган билимдерин практикалык түрдө бышыктай алышкан.

Бүгүнкү конференцияда студенттер өздөрүнүн  отчетторун беришти. Практика учурунда студенттер мугалимдердин сабактарына катышып сабак өтүүнүн  методдорун үйрөнүп, кагаз иштери менен да таанышышкандыгын айтышты. Балдарга сабак көрсөтмө куралдар менен кызыктуу жана эффективдүү  болоорун жана ар бир сабака көрсөтмө курал жасап кантип колдоноорун да үйрөнүшкөнүн кошумчалашты.

Жетекчилер студенттердин жасаган аракеттерине жараша ар бир студентти жакшы жана эн жакшы деген бааларын угузушту.  ЖАКтын өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары Кайкыева Улпат студенттерге ийгилик каалоо менен конференцияны жыйынтыктады.

  • БАЛДАР ЭФФЕКТИВДҮҮ САБАК ӨТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШТҮ
  • БАЛДАР ЭФФЕКТИВДҮҮ САБАК ӨТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШТҮ
  • БАЛДАР ЭФФЕКТИВДҮҮ САБАК ӨТҮҮНҮ ҮЙРӨНҮШТҮ