AVN







ЭРДИК ЭСКИРБЕЙТ, ЖООКЕР УНУТУЛБАЙТ

ЭРДИК ЭСКИРБЕЙТ, ЖООКЕР УНУТУЛБАЙТ
 May 9, 2020  770

Медициналык колледждин тайпаларынын арасында 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдык майрамына карата иш чаралар уюштурулду. Студенттер тарабынан бир нече видеоролик, жандуу ырлар, дил баяндар даярдалып онлайн түрүндө презентациялашты. Иш-чараларга тайпа башчылары, кураторлор активдүү катышышып, өз чыгармачылыктарын көрсөтүштү.

Кураторлор “Эрдик эскирбейт, жоокер унутулбайт” деген темада Улуу Ата Мекендик согушука катышып баатырларча курман болгон Кыргызстандык баатырлар жөнүндө кеңири баяндалган куратордук сааттарды өтүштү.

Бул иш чарада жигердүү өз иш аракетин көрсөткөн Фарм-4-19 тайпасынын куратору, окутуучу Алимбаева Г., ЛД-1-19 тайпасынын куратору, окутуучу Хайткулова К., АД-1-18 тайпасынын куратору, окутуучу Балыбаева Ш., ЛД-1-17 тайпасынын куратору, окутуучу Жолдошов К., АД-1-19 тайпасынын куратору, окутуучу А.Примкуловалар, СД-2-18 тайпасынын куратору, окутуучу Чымбердиева Г., СД-1-18 тайпасынын куратору, окутуучу Сатарова Айнура, СД-2-17 тайпасынын куратору, окутуучу Болотова Д үлгүлүү тарбиялык сааттарды өтүшүп, видиороликтерди даярдашты.

Тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева ар бир өткөрүлгөн иш чараларды жыйынтыктап, жалпыланган Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата видеоролик жасады жана медициналык колледж боюнча мыкты даярдалган видеороликтер интерент порталына жайгаштырды.