“Улуу Жеңишке 75 жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мааниси” аттуу Жалал-Абад – Ош – Бишкек – Казакстан - Прага – Лондон эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн конференциясы
May 8, 2020 991
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” жана Тарых кафедралары тарабынан демилгеленген “Улуу Жеңишке 75 жыл. Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мааниси” аттуу Жалал-Абад – Ош – Бишкек – Казакстан - Прага – Лондон эл аралык илимий-тажрыйбалык онлайн конференциясы 8-май күнү болду.
Аталган конференцияга ЖАМУнун окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты Токтогулова Гүлжамал модератордук кылды.
Эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын Улуу Ата Мекендик согуш жана анын тарыхый мааниси, Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымдары, Согуш жана тынчтык маселелеринин философиялык мааниси, Улуу Ата Мекендик согуш: Жеке үй-бүлөлүк таржымалдар багытында болду.
Эл аралык илимий тажрыйбалык онлайн конференциясын Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович куттуктоо сөзү менен ачып, “Ардактуу ардагерлерибиздин эбегейсиз эрдиктеринин арты менен ачык асман алдында, бейпил заманда жана эгемендуу өлкөнүн эркин жараны болуп жашап жатканыбызга 75 жыл толду. Биздин баатырлар согуш майданында кан кечип, өлүмгө тике барып, Улуу Жеңишти багындырып кайтышкандыгын, алардын арасында Жалал-Абад областынан белгилүү болгон Советтер Союзунун Баатырлары Розу Азимов, Михаил Бабкин, Тукубай Тайгараев жана башка жоокерлердин да чоң салымы бар экендигин, алардын эрдиктери элдин эсинде түбөлүккө сакталып калуусу үчүн, жыл сайын Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жеңиш туусун желбиреткен майрамга карата өткөрүлүүчү салтка айланган илимий конференцияны быйыл да уюштургандыгын баса белгиледи. Элибиздин бейпилдиги үчүн, Мекендин тынчтыгы үчүн курман болгон эр азаматтарга урмат көрсөтүү, ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эске салуу, алардын тарыхтагы ордун тактоо, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдик сезимге, сыймыктуу өмүр салтына тарбиялоо бүгүнкү иш-чаранын негизги максаттарынын бири экендигин, ушул максаттарды ишке ашырууга жакындан жардам көрсөткөн конокторго, илимпоздорго, катышуучуларга ыраазымын” – деген оюн билдирди.
Илимий жыйында Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде белгилүү болгон т.и.д., профессор Т. Кененсариев, Прагадан т.и.д., профессор Т.Чоротегин, Лондондон коомдук ишмер, окумуштуу Арслан Капай уулу, Казакстандан т.и.к., доцент Т.Т. Далаева, Бишкектеги жогорку окуу жайлардан т.и.к., доцент Н.А. Алымкулов, т.и.к., улук окутуучу А.Д. Казакбаев, ОшМУдан С.А. Арстанов, К.Ш. Токтомаматов атындагы ЭАУнин профессору т.и.к. Ж.А. Дүйшеев, ОГПИнун доценти, т.и.к. С.Ж. Осмонов, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнин доценттери т.и.к. Э.А. Авазов, ф.и.к. Г.Т. Токтогуловалар илимий баяндамалар менен катышты.
Бүгүнкү илимий жыйындын соңунда илимпоздор тарабынан дүйнөлүк жана Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын дүйнөдөгү тарыхчылар менен биргеликте илимий пикирлерди, маалыматтарды талкуулоо зарылдыгы, Улуу Ата Мекендик согуш темасын, согушка тартылган баатырларыбызды, алардын согушка кошкон салымдарын, партизандык кыймылдын катышуучуларын Кыргызстандын көз карашы менен кароо, бул мезгилди изилдөөдө орус жана советтик адабият менен чектелбей, батыш адабиятын да бирге анализдөө, Ашырбай Коенкөзов сыяктуу баатырларга көзү өтсө да сыйлык ыйгаруу керектиги, архивдик жана чет өлкөлүк архивдерди изилдөөнү колго алуу жана тиешелүү органдардын шарт жаратып берүү зарылдыгы сунушталды.