AVN







РЕКТОР УЛУУ ЖЕНИШ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

РЕКТОР УЛУУ ЖЕНИШ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
 May 8, 2020  1520

Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кесиптештер, студенттер!
Баарыныздарды Улуу Жениш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Ардактуу ардагерлерибиздин улуу эрдиктеринин аркасы менен биз ачык асман алдында, бейпил заманда жашап жатканыбызга 75 жыл болду. Жыл өткөн сайын согуш ардагерлеринин саны азайып барат. Сиздер кан майданда өлүмгө тике карап, өз мекениниздерге, жакындарыныздардын жанына Жениш менен келдиниздер. Оорукта тынымсыз күн-түн дебей эмгектендиниздер. Бизге жашоодогу эн баалуу белекти – бейпилдикте жашап, орто жана жогорку билим алганга, сүйүктүү кесибибизди аркалаган жана балдарды   өстүрүү бактысын тартууладыныздар. Эркин жашоого, жакшы турмушка жол ачтыныздар. Сиздердин баа жеткис  эрдигиниздерге баш ийип таазим кылабыз.
Кан жыттанган каардуу согуштан улам алыстаган сайын Улуу Жеништин мааниси бийиктөөдө. Чындыгында эле бул 15 мамлекеттин башын бириктирген Советтер Союзунун элдери үчүн Улуу Жениш!  Миллиондогон адамдардын көз жашы, өмүрү, каны менен келген Улуу Жениш!
Биз согуштан кийин төрөлүп, анын запкысын тартпаганыбыз, гүлдөгөн эркин өлкөдө жашаганыбыз үчүн, деги эле кийинки муундун келечеги үчүн күрөшкөнүнүздөргө рахмат айтабыз! 
Улуу Ата Мекендик согушка 360 миӊи согушка алынса, 118миӊи каза болгон. Калганы жарадар, майып болуп өз үйлөрүнө кайтышкан. Ар бир согуштун катышуучуларынын ысымдарын тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазып,сыймыктануу менен түбөлүк эскеребиз.
Дүйнөдө эч качан согуш болбосун, себепсиз кан төгүлбөсүн деп тилем!
Мекенибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрсүн! 
Улуу Жеништин Туусу түбөлүккө желбирей берсин!
Жениш майрамыныздар менен баарыныздарды куттуктайм!
Сиздерди урматтоо менен, ЖАМУнун ректору Кенешбек Усенов.