AVN







СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ

СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ
 Nov 28, 2017  1308

ЖАМунун медициналык колледжинин студенттери арасында кургак учук оорусуна каршы күрөшүү боюнча спорттук иш-чара болду.  Аталган иш-чара Жалал-Абад мамлекеттик университети менен ЮСАИД  Эл аралык уюму менен биргеликте өткөрүлдү. Анда студенттер кургак учук дартын алдын алуунун жана оорулуга көмөк көрсөтүү боюнча түшүндүрмө ала алышты.

Ошондой эле спорттук оюндарда көзгө марафон, аралыкка  секирүү,  боскетбол жана от жагуу болду. Андан сырткары студенттер оорулууга биринчи жардам кантип берилээрин  көргөзүп беришти. Алардын айтымында спортко жакын болуп ден соолукка кам көрсө болот. Ал эми дайым спорт менен достошуп жүргөн адам серек жашап, ар кандай ооруга туруштук бере алат.

Медициналык колледждин тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары Жамиля Пирматова – Адам канчалык туура жашоо образын тандап алса, ошончолук оорулардын алдын алат. Техниканын өнүккөн  заманында дем алып жаткан аба, азык-түлүктөрдүн табигыйлыгы төмөндөп, ден соолукка зыяндуу жактары өсүүдө. Андыктан туура тамактанып, спортко көп көңүл буруу мезгил талабы болуп жатат – деген оюн билдирди.

  • СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ
  • СПОРТ СЕРГЕК ЖАШООНУН БУЛАГЫ