AVN







Профессор С.Рысбаев ЖАМУда онлайн лекция окуду

Профессор С.Рысбаев  ЖАМУда онлайн лекция окуду
 May 7, 2020  837

Педагогика жана маалымат технологиялар факультетинин "Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы" кафедрасы тарабынан Кыргыз билим берүү академиясынын лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Рысбаев Сулайман Казыбаевич "Башталгыч класстын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн калыптандыруу" деген темада онлайн лекция окуду. Окумуштуу кенже мектеп жашындагы балдардын окуу көндүмдөрүн калыптандыруунун формаларына жана методдоруна терен анализ жасады. Иш чарага кафедранын окутуучулары, 3-4-курстун студенттери, ОГПИнин, ОшКӨУнун окутуучулары катышты. Лекторго суроолор, каалоолор айтылды. Он лайн лекциянын мазмунуна окутуучулар жана студенттер тарабынан жылуу пикирлерди калтырды.

  • Профессор С.Рысбаев  ЖАМУда онлайн лекция окуду
  • Профессор С.Рысбаев  ЖАМУда онлайн лекция окуду
  • Профессор С.Рысбаев  ЖАМУда онлайн лекция окуду