AVN







ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ

ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ
 May 7, 2020  748

«Экинчи дүйнөлүк согуш жана эс тутум» деген аталыштагы Эл аралык илимий конференция болуп, бул конференцияда профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын доценти Г.Т.Токтогулова катышып,  «Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы   жоокерлердин эрдиктери» (Жалал-Абаддын мисалында) деген аталыштагы илимий баяндамасын жасады.

Анда Советтер Союзунун баатыры Тукубай Тайгараев тууралуу жаңы тарыхый барактарды ачты. Бул илимий конференцияда негизинен  Казахстан, Бишкек, Нарын, Талас жана Жалал-Абаттын окумуштуулары катышып, Улуу Ата Мекендик согуш жана туткун тагдырлары тууралуу илимий анализ жасашып, согушка катышкан ар бир баатырдын тарыхын тактап, тарыхтагы ордун таап берүү маселесин колго алуу зарылдыгын белгилешти.

Экинчи дүйнөлүк согуштун бардык катышуучуларынын тарыхта өз орду бар. Аларды окумуштуулар изилдеп, тастыктап келечек ээлерине мурас катары калтыруу керек деген ойдо айтты Гулжамал Токтогулова.

  • ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ
  • ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ
  • ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ
  • ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ
  • ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ
  • ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШ ЖАНА ЭС ТУТУМ