AVN







СТУДЕНТТЕР МЕНЕН КУРАТОРДУК СААТТАР ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ УЛАНУУДА!

СТУДЕНТТЕР  МЕНЕН КУРАТОРДУК СААТТАР ҮЗГҮЛТҮКСҮЗ УЛАНУУДА!
 May 7, 2020  605

Медицина  факультетинин ”Морфологиялык дисциплиналар” кафедрасынын кураторлору Азимбаева Орозбү жана Ибрагимова Айтолкун  ЛДк-1-19 жана ЛДк-4-19 тайпаларынын студенттерине “Улуу Жеңишке 75 жыл” деп аталган куратордук сабагын, азыркы кырдаалга байланыштуу  онлайн түрдө өткөрүштү.

Анда окутуучулар студенттердин потриоттук сезимин ойготуучу согуш  жана  жеңиш жөнүндө баяндамаларды айтышты. Мисалы: Дүйшонкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, Дайыр Асановдордун мекенди коргоо үчүн көрсөткөн эрдиктери тууралуу.
Ал эми студентер болсо, бул күн  жөнүндө көркөм окууларын окушту.

Тоо томсоруп, көл боздоп,
Убайым жайың жел козгоп,
Узатып калган селкинин,
Көзүнөн чайып жел козгоп.

Бүкчүңдөп уулум келет деп,
Сары май каткан энеси,
Жол карай караан көрө албай,
Суугандай болду денеси.


Эстейли атын ар качан,
Майдандан келбей калгандын,
Эл үчүн болот эр курман,
Элеси ушул армандын.

Биз турмушка аталардан кеч келип,
Тээ алыста согуш отун кечпедик.
А аталар төрөлө элек биз үчүн,
Калаберди танк алдында тепселип.


Бул жеңишти чоң аталарыбыз миңдеген чакырымдар алыста, беш жыл бою фашисттик баскынчылар менен болгон кандуу согушта, чексиз азаптарды, көптөгөн жоготууларды алтын баштарынан кечирүү менен бизге тартуулашкан. Бул майрам биз үчүн түбөлүккө даңктуу майрам болуп кала берет. Урпактар үчүн жанын аяшпай, согушта эрдик көрсөтүп келген бардык аталарыбызга түбөлүк даңк!

https://drive.google.com/file/d/1KYJJ72WM4bKqjff0xZtf8aJdAxCJXTrl/view?usp=drivesdk