AVN







ЖАМУнун ректору, профессор Кеңешбек Жумабекович куттуктайт!

ЖАМУнун ректору, профессор Кеңешбек Жумабекович куттуктайт!
 May 5, 2020  864

Так ушул күнү, тактап айтканда 1993-жылдын 5-майында, бизге эң маанилүү жана эң керектүү болгон, Кыргыз Мамлекетинин Конституциясы легендарлуу парламент өлкө баш мыйзамын кабыл алган. Бул майрам 1993-жылдан бери тарыхый мааниси бар майрамдардын бири болуп эсептелинет. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов окуу жайдын эмгек жамаатын, студенттерин жана кыргыз элин майрамы менен куттуктады.

Урматтуу кесиптештер, студенттер жана кыргыз элим! Сиздерди 5-май Кыргыз Мамлекетинин Конституциясынын кабыл алынган күнү менен куттуктайм!

Өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи чыныгы конституциясы кабыл алынды. 5-май XX кылымдын сонунда ээ болгон жаны кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизинде адам эркиндиги жана укуктарынын, мамлекеттик түзүлүштүн, коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн.

Биздин окуу жайда 52ден ашык адистиктердин багыты боюнча студенттер билим алып келет. Сиздер даярдаган кадрлар мамлекеттин социалдык-экономикасынын өнүгүүсүнө, укуктук тармагында эмгектенип, мамлекеттин мыйзамынын аткарылышына, тартиптин сакталышына өз салымдарын кошууда. Сиздер тарбиялап, уядан учурган адистердин жетишкен ийгилиги жалпы эле окуу жайдын жетишкендиги, сыймыгы катары эсептелинет.Ардактуу кесиптештер сиздердин аткарган эмгегиниздер ат көтөргус, биримдикте бир катар ийгиликтерди жараттык, алдыда дагы биргеликте бийиктиктердин баскычтарын багындырабыз деп ишенем.

Ар бириниздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт,жеке жашооңуздарга, ишиңиздерге ийгиликтер каалайм!

Конституциябыз бекем жана түбөлүктүү болсун!

Сиздерди урматтоо менен Кенешбек Усенов.