AVN







БАС кафедрасында санарипттик окутуу жана практикалардын баардык түрү онлайн негизде ийгиликтүү аткарылууда

БАС  кафедрасында санарипттик  окутуу жана практикалардын баардык түрү онлайн негизде ийгиликтүү аткарылууда
 May 4, 2020  630

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Башкаруунун автоматташтырылган системасы кафедрасында 2019-2020 окуу жылында окуу процессине ылайык графиктин негизинде аралыктан окуу AVN порталы, Kelbil онлайн конференцияларды өтүүдө ZOOM, Jitsi Meet, мессенджерлер Whatsapp, Telegram аркылуу сабактар үзгүлтүксүз болуп жатты. Студенттер түрдүү аталыштагы практикаларды өз учурунда жогорку деңгээлде аткарышты.

Атап айтсак ИЭТк-1-17 тайпасы өндүрүштүк практика, ИЭТк-1-16 тайпасы квалификация алдындагы практика, ИЭТ-1-19 тайпасы окуу практикаларын графиктин негизинде өтөп келишип, жыйынтыктоочу отчетторду ZOOM программасы менен онлайн конференцияда ийгиликтүү тапшырышты.

Жогорудагы тайпалардын студенттери Жалал-Абад шаарындагы жана жакынкы район шаарлардагы түрдүү мекеме-ишканаларда практикада болушту. Конференцияга практика жана карьера бөлүмүнөн адиси Ч.Бабакулова, кафедра башчы С.М.Ажыкулов, Б.Раева, Ы.Батырова, Н.Нарматова ж.б. катышышты.

Азыркы учурдагы өзгөчө абалды эске алып, студенттер бөлүнгөн мекеме-ишканадагы жетекчилери менен электрондук почталар, Whatsapp, Telegram, түрдүү видео чаттар менен берилген тапшырмаларды өз убагында аткарышып, тыгыз байланышта болуп жатышты. Онлайн конференцияда практиканын жүрүшү боюнча сөз болуп, тактоо иретинде суроолор берилип, студенттер өздөрүнүн отчетторун слайд түрүндө текст жана фото отчеттун коштоосунда тапшырышты. Жыйынтыгында ар бир студент деңгээлине жараша AVN порталы аркылуу тиешелүү баалдары коюлду.

Андан сырткары кафедранын жумалык кеңешмеси, ата-энелер менен байланыш, иш берүүчү мекемелер жана бүтүрүүчүлөр менен онлайн конференциялар байма-бай уюштурулуп жатты деп билдирет аталган кафедрадан.