AVN







Өзгөчө кырдаал учурундагы аралык конференция

 May 4, 2020  589

Бүгүн, 2 май саат 14:00, физика-математикалык билим берүү багытынын Информатика профилинин ФМББ(И)- 1-16 тайпасынын Zoom платформасында кесиптик-профилдик практика боюнча аралыктагы экинчи онлайн конференция суроо-жооп иретинде өттү. Конференцияга ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Жолдошалиева, окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адисиА.Мирзахмедова, кафедранынбашчысы Г.Маматова, тайпанын куратору Р.Торогулова жана кафедранын окутуучулар катышышты. Конференцияда практика учурундагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр боюнча маселелер каралды. Тайпанын ар бир студенти маалымат берди. Студенттер Информатика сабагынан тышкары да мектеп администрациясына жана мугалимдерине санариптештирүү жагынан чоң жардам көрсөтүп жатышканын белгилешти. Жыйынтыгында студенттерге практиканы ийгиликтүү аяктоо, тиешелүү иш-кагаздарды даярдоо жана жыйынтыктоочу конференцияга даярдануу милдеттендирилди.” Өзгөчө кырдаал учурунда жүрүп жаткан практикаларда мындай аралык конференцияларды өткөрүп туруу практиканттар үчүн өтө зарыл”- деп белгиледи ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Жолдошалиева.