AVN







ЖАМУнун профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын илим жумалыгындагы ийгиликтери

 May 3, 2020  626

2020-жылдын 2-майында ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулган, «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылынын», ОшМУнун 80-жылдык маарекесине, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгынын алкагындагы илим жумалыгы уюштурулуп, аймактык онлайн илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Бул конференцияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер»кафедрасынын доценти философия илимдеринин кандидаты Г.Т. Токтогулова «Дүйнөлүк коомчулук пандемия шартында: көйгөйлөр, анализдер, прогноздор»(Кыргызстандын мисалында)деген илимий баяндама менен катышып, учурдагы көйгөйлөргө илимий анализ берүү менен чечилүү жолдорун белгиледи.

Ошондой эле ОшМУнун КТФ жана ЭМФнин СГД кафедрасы тарабынан уюштурулган «Өлкөнү санариптештирүү шартында жаштардын руханий коопсуздугу» аталган аспирант-магистранттар жана студенттер үчүн докладдар конкурсу боюнча дагы онлайн конференциясы болду.

Бул конференцияда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасынын доценти философия илимдеринин кандидаты Г.Т. Токтогулова калыстар курамынын катарын толуктаса, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин окутуучусу А.А. Усенов «Руханий коопсуздуктун философиялык анализи» деген тема менен катышып, руханий коопсуздук багытындагы бир катар илимий докладдар талкууга алынды.

Аталган онлайн конференция үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде болуп өттү.