AVN







ЖАМУнун окумуштуулары Түштүк философиялык коомдун онлайн конференциясында

ЖАМУнун окумуштуулары Түштүк философиялык коомдун онлайн конференциясында
 May 3, 2020  559

2020-жылдын 30-апрелинде саат 14.00дө Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук жамааты, профессор Ш.М. Ниязалиев атындагы “Философия жана гуманитардык илимдер” кафедрасы жана Түштүк философиялык коомдун демилгеси менен «Дүйнө коомчулугу коронавирус пандемиясы шартында: көйгөйлөр, анализдер жана прогноздор» (Кыргызстандын мисалында) аталышындагы теманын алкагында аймактык илимий-практикалык конференция өткөрдү. Онлайн түрүндөгү аймактык илимий конференция философиялык-тарыхый, саясий жана социологиялык, экономикалык-медициналык үч бөлүктөн туруп, философия, тарых, саясат таануу жана социология, экономика, медицина багытынын окмуштуулары катышып, илимий баяндамалар, анализдер, кеп кеңештер ортого салынып, бул тема келечекте илимий өңүттө изилденүүчү көйгөйлүү тема экендиги белгиленди.