AVN







СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮН УТУРЛАЙ

СПИДГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮН УТУРЛАЙ
 Nov 27, 2017  3681

ЖАМУнун Экономикалык жана юридикалык факультетинде СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аны ЮК – 1-16 тайпасына куратору Зейнеп Амиракулова тарбиялык саат катары уюштурган. Ага Эмил Төлөнов баштаган жамаат күбө болушкан.

Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо бул иш-чараны уюштурганын билдирди З. Амиракулова.

Ошондой эле ЮК -1-16 тайпасынын студенттери  атайын программанын негизинде СПИД боюнча баянда жасалып, ооруга чалдыккан адамдын монологу айтылган. Андан сырткары оору кандай жол менен кантип жугаары туурасында түшүндүрүп беришкен.

СПИД адамдан адамга төмөнкү учурларда жугат: СПИД илдетине кабылган донордун – кан берүүчүнүн канын пайдалангандан, ошол донордун каны куюлган медициналык аспаптан, жыныстык катнашуудан, бир канча кишинин бир ийнени пайдалануусунан.

Ал эми СПИДди жуктуруп алган адамда алгач оорунун кандай белгилери пайда болот? Оорунун белгилери дароо билинбейт. Мындай абал айлап, жылдап созулушу мүмкүн. СПИДдин эң негизги белгиси болуп – адамдын организминин ар кандай ооруга каршылык көрсөтүүсүнүн – иммунитетинин алсызданышы, бузулушу эсептелет.