AVN







Макал-лакаптардын тарбиялык мааниси аттуу ЖОЖдор арасындагы онлайн талкуу

Макал-лакаптардын тарбиялык мааниси аттуу ЖОЖдор арасындагы онлайн талкуу
 May 2, 2020  718

2020-жылдын 30-апрель күнү кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Н.К.Жалилова тарабынан "Макал-лакаптардын тарбиялык мааниси" деген темада СКАЙП программасы аркылуу республикалык деңгээлде онлайн талкуу уюштурулду. Талкуунун коногу И.Арабаев атындагы КМУнун доц.м.а., п.и.к. К.Ш.Иманакунова болду. Андан сырткары К.Токтоматов атындагы ЭАУнун профессору, ф.и.к. Э.Г.Хурибаева, БББМжТ кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М.Ураимов, тарых каф. окутуучусу М.К.Умарова, кыргыз тили кафедрасынын мүчөлөрү жана студенттер катышышты. Талкуунун максаты макал-лакаптардын тарбиялык маанисин ачып берүү, алардын айырмачылыктарын көрсөтүү, көп тилдүү, көп маданияттуу коомдо улуттук баалуулуктарды барктоого көнүктүүрүү, жаштарды жандуу жана орундуу сүйлөөгө багыттоо, макалдардан подтексттик ойду туя билүүгө үйрөтүү болуп саналат - деп билдирди кыргыз тили кафедрасынын башчысы Г.Бакирова.