AVN







ЖАМУда он-лайн ачык сабактар уланууда

ЖАМУда он-лайн ачык сабактар уланууда
 May 2, 2020  867

Үстүбүздөгү жылдын 29-апрель күнү кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Н.К.Жалилова жадыбалга ылайык ПМТФнын ФМББ(И)-1-19 тайпасына "Стилдик жана стилистикалык каталар" деген темада онлайн ачык сабак өттү. Скайп программасы аркылуу өтүлгөн сабакка филология факультетинин окуу-усулдук кеңешинин төрайымы Р.Келдибаева, кыргыз тили кафедрасынын профессору ф.и.д. М.Мирзахидова, окутуучу Ж.Назалова, информатика жана ОМТ кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Г.Маматова жана тарых кафедрасынын окутуучусу М.Умаровалар катышып, сабакка анализ беришти. Онлайн сабакта студенттер формалык жана мазмундук каталар жөнүндө маалымат алышып, көнүгүү жана тапшырмалар, тексттер менен иштешип, этикалык сөздөрдү катыштырып сүйлөмдөрдү түзүштү. Сабактын жүрүшү видеого жазылып алынды жана тиешелүү бөлүмгө жиберилди - деп билдирди кафедранын окуу-усулдук иштери боюнча жооптуу Г.Ашимбаева.