AVN







Ректордун куттуктоосу

Ректордун куттуктоосу
 Apr 30, 2020  1066

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кенешбек Усенов жалпы жамаатты жана студенттерди 1-май эмгекчилердин күнү менен куттуктады.

Урматтуу ЖАМУнун эмгек жамааты жана студенттери! Сиздерди 1-май эмгекчилердин майрамы менен куттуктайм!

Совет доорунан бери сакталып келе жаткан бул салттуу майрам эмгекчилердин тилектештигин, ак эмгек аркылуу ийгиликке жетүүнүн салтанатын даназалайт.

Илим жаатында жана окуу жайдын илимий потенциалын көтөрүүдө, техникалык базасын чындоодо үзүрлүү эмгектенип, университеттин гүлдөп өсүшүнө олуттуу салым кошуп, учурда түзүлгөн кыйын кырдаалга карабастан жаш кадрларды даярдоону улантып келе жаткан кесиптештериме чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем!

Эмгекчилердин тилектештик майрамында биздин окуу жайды аяктап, республикабыздын туш тарабында жана чет өлкөдө эмгектенип жүргөн бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана учурда билим алып жаткан студенттерибизге жылуу каалоолорумду жолдойм. Мамлекеттин социалдык-экономикалык абалынын бекемделишине, өсүп өнүгүшүнө өз көмөгүнүздөрдү көргөзүп жатканыныздарга ыраазчылык билдирем жана Сиздер биздин сыймыгыбыз экениниздерди баса белгилейм. Жаштарыбыздын жаратман күч-кубаты, эмгекти сүйүүсү, мекенчилдик сезими мамлекетибиздин келечегине бекем негиз боло алат.

Эмгек майрамы бардыгыбызды бир максатка багыттап, билим ордосу болгон окуу жайыбызды кубаттуу жана гүлдөгөн университетке айлантууга чакырып турат. Кыргызстаныбызда тынчтык болуп, бакубат турмушта жашайлы. Ар бириниздерге үй-бүлөлүк бакыт, тынчтык жана ден соолук каалайм!

Сиздерди урматтоо менен Кенешбек Усенов!