AVN







“УЛУУ ЖЕҢИШТИН ДАҢКЫ ӨЧПӨЙТ”

“УЛУУ ЖЕҢИШТИН ДАҢКЫ ӨЧПӨЙТ”
 Apr 30, 2020  963

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Экономикалык- юридикалык факультетинин Юриспруденция багытында окуган Юк-1-16 тайпасынын студенттерине 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата “Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт” деген темада куратордук саат өткөрүлдү. Куратордук саат аталган тайпанын куратору Зейнеп Амиракулова тарабынан уюштурулган.

Куратор З. Амиракулова студенттерге 1941-1945- жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш боюнча маалымат берди. “Кийнки муун ата-бабаларыбыз кийинки урпактарына жаркын жашоо тартуулоо үчүн кандай эрдиктерди аткарганын айтып, алардын баатырдыгын, күжүрмөн эмгегин айтып туруу билим берүү тармагынын кызматкерлеринин бирден-бир милдети деп эсептейм. Андыктан согуш ардагерлерин даңазалоо, балдарды патриоттуулукка үндөө максатында куратордук саат уюштурулду” - дейт.

Ошону менен катар согуштун катышуучуларына ден соолук, узун өмүр, бейпил жашоо каалап өттү.

Андан соң студенттер Ардагерлерге ар бири өздөрүнүн жакшы ырларын арнап каалоо тилектерин билгизип өтүшту. Эч ким эч качан унутулбайт. Бизге жаркын жашоо тартуулаган согуштун катышуучулары аман болуңуздар!