AVN







Онлайн ачык сабактар ЖАМУда талкууланууда

Онлайн ачык сабактар ЖАМУда талкууланууда
 Apr 29, 2020  767

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекетитик университети учурдагы дүйнөнүн дээрдик көпчүлүк бөлүгүн каптаган Covid-19 таажы вирусу пандемиясынын коркунучунан улам өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаалдан чыгуу жана Кыргыз Республикасынын өлкөнү санарип трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында окуу процессин жана окуу-уюштуруу иштерин он лайн шартында улантып жатат. Окуу процессинин жадыбалына ылайык сабактар жана профессордук-окутуучулук курамдын өз ара сабактарга катышуусу уланууда. Дистанттык билим берүүнүн шартында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде билим сапатын жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштер жүрүүдө. Он лайн түрүндөгү ачык сабактар да атайын планга ылайык ишке ашырылып жатат. Окуу жайдын жетекчиси К.Ж. Усенов тынымсыз көзөмөлдөп, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы максаттар тууралуу видеоконференцияларды, он лайн кеңешмелерди өткөрүп билим сапатын жогорулатууну тынымсыз жүргүзүү милдетин коюп келүүдө.

Технологиялык өзгөрүүлөрдүн шарттарында ЖАМУнун студенттери терең билимге ээ болууга жана жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсү зарыл. Ушул максатта ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде ачык сабактардын кезектеги түрмөгү башталды. Алгачкылардан болуп колледждин окутуучусу Нурматова Майрам “Математиканын баштапкы курсун окутуу усулу” предметинен он-лайн ачык сабак өттү. Ачык сабакка колледждин окутуучулары, ЖАМУнун билим берүүнүн сапаты бөлүмүнүн башчысы Гулдана Токоева катышты. Он лайн сабак окуу-усулдук кеңештин курамы тарабынан талкууланып, абдан жакшы пикирлер айтылды. Мындай он-лайн ачык сабактар окуу жайда дагы да уланмакчы.

“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформация концепциясы башкаруу түзүмүн, системасын жана өлкөнү санариптештирүү процессинин негиздерин аныктайт.

Адам капиталы Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы болуп саналат. Технологиялык өзгөрүүлөрдүн шарттарында релеванттуулукту сактоо үчүн биздин адистер терең билимге ээ болууга жана жаңы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө тийиш. Бул үчүн кошумча билим берүү институттары аркылуу окутуу жана кайра квалификациялоого жакшыртылган шарттарды түзүү зарыл.