AVN

Жалал-Абад колледжинин 2019-2020-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык конференция

Жалал-Абад колледжинин 2019-2020-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык конференция
 Apr 29, 2020  673

Жалал-Абад колледжинин 2019-2020-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык Башталгыч класстарда окутуу адистигинин БКМб-01-19, БКМк-01-19, БКМк-02-19, БКМк-03-19, БКМб-2-18, БКМб-3-18, БКМк-2-18, БКМк-3-18, БКМк-4-18, тайпаларынын студенттерин окуу-таанышуу практикасына жөнөтүү конференциясы онлайн трундо өткөрүлдү. Бул тууралуу Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Кенже Салибава билдирди.

Конференцияга жалпы 53дөй студенттер , жетекчилер, шаардык мектептин завучтары жана ЖАМУнун өндүрүштүк практика жана карьера боюнча башкы адиси Жолдошалиева Н.С. катышышты.

Башталгыч класстын мугалими жана кыргыз тили ПЦКсынын практика жетекчиси Айылчиева Н.А. практиканын максаттары, милдеттери, студенттер жана жетекчилер үчүн азыркы кырдаалга жараша түзүлгөн жол карта менен тааныштырды. Окуу-таанышуу практикасы боюнча слайддар көрсөтүлдү.

Конференцияда ЖАКтын өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Кайкыева У.Т. жана Педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Салибаева К.П практиканын жүрүшү боюнча сөз сүйлөшүп маалымат беришти. Студенттер өз суроолорун беришип жоопторун жетекчилерден алышты.

Ал эми практика азыркы абалга жараша төмөкүдөй тартипте өткөрүлөт. Студенттер бөлүнгөн мектептеринде башталгыч класстардын мугалимдеринин Whatsapp группаларына кошулуп, сабактарга байкоо жүргүзүшөт. Ошондой эле Баластан телеканалынан башталгыч класстар үчүн өткөрүлүп жаткан сабактарды көрүп, үйрөнүшөт. Ал эми жетекчилер тапшырмаларды АВН порталы аркылуу берип, кайра кайтарым байланыш жүргүзүшө алат.

  • Жалал-Абад колледжинин 2019-2020-окуу жылынын окуу планына жана окуу процессинин графигине ылайык конференция