AVN







ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ БОЛДУ

ТАЗАЛЫК АКЦИЯСЫ БОЛДУ
 Nov 27, 2017  1083

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери тазалык акциясына катышышты. Аталган акция “Токтогул” жана “Жеңиш” эс алуу бактарында болду. Аны шаардык Жаштар иштери боюнча комитети уюштурган.

ЖАМУнун студенттери тазалык акциясына активдүү катышып, шаардын тазалыгына салым кошушту. “Токтогул” жана “Жеңиш” эс алуу бактары жаштардын эс алуучу жайы, ошондой эле студенттер сабактан чыгып чогулуп чер жазыша сүйлөшчү, биргеликте үй тапшырмаларын аткарчу жай. Андыктан эс алуу бактардын тазалыгына көңүл бөлүп, өз салымыбызды кошуу биздин милдет деген ойду билдиришти акциянын уатышуучулары.

Эскертүү:  Жогорудагы акция Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан “Айлана чөйрөнү жана санитардык абалды иретке келтирүү жөнүндөгү”  буйругунун негизинде турмушка ашырылды.