AVN







"ЖАМУДА ДИСТАНТТЫК БИЛИМ БЕРҮҮ УЧУРУНДА 2-МОДУЛДУ ӨТКӨРҮҮ"

 Apr 29, 2020  623

ЖАМУнун окуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин ортосунда "ЖАМУда дистанттык билим берүү учурунда 2-модулду өткөрүү" боюнча кезектеги кеңешме өткөрүлдү. Мындай маалыматты аталган бөлүмдүн кызматкери Айнура Мирзахмедова кабарлады.

Маалыматта окуу бөлүмүнүн башчысы З. Сакбаеванын жетекчилиги менен окуу бөлүмүнүн кызматкерлери менен "ЖАМУда дистанттык билим берүү учурунда 2-модулду өткөрүү" жөнүндө кезектеги кеңешме онлайн формасында өткөрүлгөндүгү айтылат. Анда бүгүнкү күндө университетте дистанттык түрдө жүргүзүлүп жаткан окуу процессинде факультеттер жана колледждер арасында 1-модулдардын жыйынтыгы, 2-модулду аралыкта уюштурулуусу жана өткөрүлүшү боюнча маселелер угулуп талкууланган.

2-модулду аралыкта уюштурулуусу жана өткөрүлүшү маселесинде, факультеттер жана колледждер боюнча окуу процессинин графигине ылайык 2-модуль өткөрүү графиктери түзүлүп такталгандыгы жана айрым курстардын студентерине модулдун башталганы белгиленип, предметтер боюнча электрондук тесттер даяр экендиги маалыматталып, модулдун жүрүшүнө даярдык бар экендиги белгиленди.