AVN







ЖАМУнун окуу-усулдук кеңешинин кезектеги онлайн жыйыны

ЖАМУнун окуу-усулдук кеңешинин кезектеги онлайн жыйыны
 Apr 29, 2020  697

Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасын, ЖАМУнун стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу жана окуу жайда санариптештирүүнү өнүктүрүү максатында жаңыдан иштелип чыккан жоболордун долбоорун талкуулоо максатында2020-жылдын 23-апрелиндеБ.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу-усулдук кеңешинин (онлайн) жыйыны болуп өттү. Жыйынга окуу жайдын окуу-усулдук кеңешинин төрагасы, профессор А.П.Алибаев жана окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү катышышты.

Онлайн жыйындын күн тартибиндеги маселеси төмөндөгүдөй:

  1. Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо программасыныннегизинде ЖАМУнун стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу жана окуу жайда санариптештирүүнү өнүктүрүү максатында иштелип чыккан видео сабактарды даярдоонун тартиби боюнча даярдалган жобону талкуулоо жана бекитүү;
  2. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формасындагы студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоо жөнүндө жобону” талкуулоо жана бекитүү;
  3. Университеттин атайын каражатынын эсебинен кошумча төлөм киргизүүүчүн ЖАМУнун кызматкерлерин аттестациялоо жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизүү.

Окуу-усулдук кеңештин төрагасы, профессор А.П.Алибаев жана окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү 1-маселе боюнча учурдагы кырдаалга байланыштуу видео-сабактарды даярдоо жана аны студенттерге жөнөтүү аркылуу студенттердин сабакты мыктылап түшүнүүсүнө, сапаттуу кайтарым байланыш жасоосуна сөзсүз таасирин тийгизээрин, мындай сабактардын мыкты үлгүлөрүн университет ичинде жайылтуу учурда өтө зарыл маселелердин экендигин айтышты. Жобо боюнча буга чейин да кенири талкуулар болгондуктан, тиешелүү кошумчалар, оңдоо-түзөөтүүлөр киргизүү менен жактырылды.

2-маселе боюнча торага“Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формасындагы студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоо жөнүндөжобо” учурда колдонуп жаткан окутуунун кээ бир усулдары жана сырттан окуган студенттердин билим сапатын, жетишүүсүн салттуу жана дистанттык технологияларды колдонуу менен баалоонун формаларын аныктаарын жана студенттердин өз алдынча чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзөөрүн белгилеп, талкууга сунуштады. Сөзгө чыккан окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү бул жобо сырттан окуган студенттердин билимин салттуу жана дистантык технологияларды колдонуу менен баалоодо айкындуулукту жана объективдүүлүктү камсыз кыла тургандыгын айтышты.Бул маселе боюнча да кызуу талкуу болуп, окуу-усулдук кеңештин мүчөлөрү өз пикирлерин билдиришти.

Кийинки 3-маселеде, университеттин атайын каражатынын эсебинен кошумча төлөм киргизүүүчүн ЖАМУнун кызматкерлерин аттестациялоо жөнүндөгү жобонун 12.8. пунктуна өзгөртүү киргизүү каралгандыктан, кеңештин мүчөлөрү өзгөртүлө турган пунктка токтолушуп, өз сунуштарын беришти.

Жыйындын соңунда, катышуучулар айтылган сын-пикирлерди, сунуштарды эске алып, жобону бекитүүнү ЖАМУнун Окумуштуулар кеңешине сунушташты. 

  • ЖАМУнун окуу-усулдук кеңешинин кезектеги онлайн жыйыны
  • ЖАМУнун окуу-усулдук кеңешинин кезектеги онлайн жыйыны