AVN







Квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы

Квалификация алдындагы практиканын жыйынтыктоочу онлайн конференциясы
 Apr 28, 2020  869

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин «Табигый-техникалык» бөлүмүнүнүн  БАСк-01-18, БАСк-2-17 тайпаларынын студенттери окуу процессинин графигине ылайык квалификация алдындагы практикасынын жыйынтыктоочу онлайн конференциясын Jitsi Meet видео-чаттын жардамында өткөрүштү.

Аталган тайпалардын студенттери Жала-Абад шаарындагы жана жакынкы райондордун мекеме-ишканаларында практикасын өтөп келишти. Конференцияга ЖАКтын өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары Ү.Кайкиева жана аталган тайпалардын практика жетекчилери Б.Маманова, Д.Калдарова, Н.Мусакулова, А.Сатимбаева, Л.Тагаева, К.Омуралиева, Ж.Аскаров, Т.Исмановалар катышышты.

Кырдаалга жараша, студенттер түзүлгөн жол карталарынын негизинде электрондук отчетторун, презентацияларын ЖАМУнун AVN системасы аркылуу жана электрондук почталар аркылуу жетекчилерине жиберишип тыгыз байланышта болушту. Онлайн конференцияда студенттер презентацияларын көрсөтүп, практика мезгилде аткарган жумуштары жөнүндө кеңири маалымат беришти. Студенттер, жетекчилер тарабынан суроолор берилип кызуу талкууланды жана аткарган жумуштарына, презентацияларына жараша жетекчилер тарабынан бааланды.