AVN







ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО
 Apr 27, 2020  761

Жалал-Абад колледжинин «Энергетика жана физика» ПЦКсынын

«Электр менен камсыздоо» , «Электр станциялары, тармактаржанасистемалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик практикасын жыйынтыктоо конференциясы.

                Өлкөбүздөтүзүлгөнкырдаалгабайланыштуу Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуу процесси 16-марттан баштап Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимине, Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык онлайн режиминде жүргүзүлүүдө. Окуу жайдын жетекчилигинин жарлыгы менен окуу процессин үзгүлтүккө учуратпастан, бир гана сабактар онлайн режиминде жүргүзүлбөстөн, практикалардын да жыйынтыктоочу конференциялары аралыктан өткөрүлүп келүүдө.

2020-жылдын 18-апрель күнү Жалал-Абад колледжинин «Электр менен камсыздоо» , «Электр станциялары, тармактар жана системалар» адистигинин бүтүрүүчүлөрүнүн ЭС-01-18, ЭСС-2-17 группаларынын мамлекеттик практикасынын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга жалпы 40 студент катышып, мамлекеттик практикада жасалган жумуштарынын студенттер JITSI MEET мобилдик тиркеменин жардамы менен он-лайн режимде айтып беришти.

            Конференцияга ЖАМУнун практика боюнча башкы адиси Жолдошбаева Н., ЖАКтын директору п.и.к., доцент Турдубаева Б., ЖАКтын өндүрүш практика боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат, жана практика жетекчилери Алимбаева Г. Курбанов А. Капарова Ж., Сайназаров Э. жана «Энергетика жана физика» ПЦКсынын тёрайымы Шаимкулова С. катышышты.

            Конференциянын журушундо студенттердин отчет, күндөлүктөрүн экран аркылуу көрүп жалпы жакшы баа берилди. Студенттердин отчет кундолуктору жол карта менен дал келет. Райондук электр тармактарына практикага чыккан студенттерди жумушка алып калуу сунуштарын өндүрүш жетекчилери билдиришти. Мисалы: Эск-01-18 тайпасынан Абдимиталип уулу Шермамат, Камбаров Абдулла ЭССк-2-17 тайпасынан Батырбеков Замирди Базар-Коргон РЭТи, ал эми Жалал-Абад  РЭТке Бакиров Дастанды, Абдурасулов Баелди  жумушка чакырышты.

            Конференциянын сонунда студенттер тарабынан томонкудой сунуштар болду: практика отоо убактысын кундун жылуу, жаан чачын болбогон мезгилине жылдырып беруусун суранышты, ошондой эле студенттердин райондорго практикага чыгуусуна чектоону алып таштоону сунушташты. Ошондой эле  ЖАМУнун практика боюнча башкы адиси Жолдошбаева Н. жана ЖАКтын директору п.и.к., доцент Турдубаева Б. мамлекеттикпрактикасын жыйынтыктоо конференцияга жакшы деген баа беришти.

  • ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО
  • ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО
  • ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО
  • ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО
  • ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО